Чүйдө жеңил унаа жол кырсыгына кабылып, 8 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 14-январь күнү саат 16:50 чамасында Бишкек-Чуңкурчак жолунда болгон. Анда Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаа оодарылып, 8 адам жабыркаган.
"Жабыркагандардын экөө ооруканага баруудан баш тарткан. Калган 6 адам ар кандай жаракаттар менен Чүй облустук ооруканасына жеткирилген", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.