Бишкек-Ош жолунун Чычкан капчыгайындагы кырсыктан улам жабыркаган кыздын абалы дале оор бойдон калууда. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Чычкан капчыгайындагы кырсыктан жабыркап ооруканага жеткирилген үч адамдын экөөсүнүн абалы жакшы.
"Учурда ооруканада жаткандардын ичинен жаш кыздын абалы өтө оор бойдон калууда. Ал аппарат менен дем алып жатат", - деп айтылат басма сөз кызматынын маалыматында.
Айта кетсек, 4 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы 13-январда саат 14:00дөр чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 523-чакырымында Чычкан капчыгайынын ичинде болгон.