Ак-Суу районунда турак үйдөн өрт чыгып, эки адам каза болду

Ак-Суу районунда турак үйдөн өрт чыгып, эки адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, өрт кырсыгы тууралуу маалымат 14-январь күнү саат 12:51 чамасында келип түшкөн. Анда Тегизчил айылынын Мамбетов көчөсүндөгү турак үйлөрдүн бири өрттөнүп жатканы айтылган.

"Тилсиз жоонун кесепетинен турак үйдүн жыгач полу жана үй эмеректери күйгөн. Ошондой эле кырсык болгон жерден 1949-жылы туулган Т.К. жана 1964-жылы туулган Т.С. аттуу жарандардын жансыз денелери табылган. Өрттүн келип чыгуусуна тамеки тартууда өрт коопсуздук эрежелерин бузуу себеп болгон", - деп билдиришти ӨКМдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
RaHat19
2018-01-15 13:02:57
каап жаман болуптур жаткан жери жайлуу болсун.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан