Тоодо муз тээп жатып жаракат алган милиция кызматкери ооруканада каза болду. Бул тууралуу маркумдун кошуналары билдиришти.
Маалым болгондой, кечээ, 14-январда Бишкек шаарынын Октябрь районунда жашы жете электердин иши боюнча инспекциясынын кызматкери Айнагүл Эгембердиева алган жаракатынан улам ооруканадан каза болгон.
Айта кетсек, маркум 7-январда тоодо үй-бүлөсү менен эс алып жүргөн мезгилде баллон менен муз тээп келе жатканда оодарылып кетип, башынан жаракат алган. Эгембердиева дароо ооруканага жеткирилип, операция жасалган. Бирок операциядан кийин эсине келбей комага түшүп калган.
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 15-январда Чүй облусунун Күн-Туу айылында болуп өттү. Анын артында эки баласы калды.
Айнагүл Эгембердиева укук коргоо органдарында 2015-жылдан тарта иштеп баштаган. 2014-жылдын 14-ноябрында күйөөсү, Бишкек ШИИББинин кылмышкерлерди издөө бөлүмүнүн кызматкери Бакай Сыдыгалиев кызмат учурунда курман болгон.