Жогорку Сот Канжар Кадыралиевдин ишин кароону Октябрь райондук сотуна кайтарды

Жогорку Сот Ош шаардык прокуратурасынын мурдагы кызматкери Канжар Кадыралиевге байланыштуу ишти кайра Октябрь райондук сотуна кайтарды. Кадыралиевдин жактоочусу ишти кайра тергөөгө жиберүү боюнча арызын артка алгандыктан бүгүн Жогорку Сот ишти кароону кыскартты. Эми бул иш кайра Октябрь райондук сотунда каралат.

Белгилей кетсек, 2017-жылы 15-августта Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Канжар Кадыралиевдин иши боюнча соттук отурум уланган. Анда айыпталуучу тараптын жактоочулары ишти кайра тергөөгө жөнөтүү тууралуу өтүнүч келтирип, аны сот канааттандырган. Кийинчерээк шаардык сот жабырлануучулардын жактоочусунун арызынын негизинде бул чечимди бузуп, соттук териштирүүнү улантуу үчүн Октябрь райондук сотуна жөнөткөн. Бирок Кадыралиевдин жактоочусу көзөмөл иретинде Жогорку Сотко кайрылган.

Эске салсак, Башкы прокуратура 2014-жылы Канжар Кадыралиевге карата “бейбаштык”, “өзүм билемдик” жана “зомбулук көрсөтүү менен талап кылуу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, ээлеген кызматынан бошоткон. Буга бир катар жарандардын Кадыралиевдин үстүнөн арызданышканы себеп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
RusMos76
2018-01-15 15:36:13
4 жыл отуптур ушул прокурордун иши козголгонуна, кылмыштын эскиргенине байланыштуу жаап койгула эми!
+1
Povetkin
2018-01-15 16:26:04
Кыдыралиевдида качырып бир Жака жоготот Эми булар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан