Орусиянын Пермь шаарында бычак менен куралданган эки өспүрүмдүн урушунан улам 13 адам жаракат алды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 15-январда Пермь шаарында жайгашкан №127-мектепте болгон. Анда эртең менен сабакка келген 10-класстын эки окуучусунун ортосунда чыр чыгып, уруша кетишкен.
"Алардын экөөндө тең бычак болгон. Окуяга күбө болгон окуучулар жана бир мугалим өспүрүмдөрдү ажыратканга аракет кылышкан, натыйжада 12 окуучу жана 1 мугалим ар кандай жаракаттарды алышып ооруканага жеткирилишкен.
Окуя болгон жерге тиешелүү органдар келип мектепти курчоого алып, окуучуларды мектептен чыгарышкан. Ал эми кылмышка шектүү деп эки өспүрүм кармалып, аларга кылмыш иши козголгон. Азыркы тапта окуу токтотулуп, кырсык болгон жерде иликтөө иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.
Алдын ала маалыматтар боюнча окуя сабак учурунда болгон, өспүрүмдөрдүн ортосундагы чыр эмнеден келип чыккандыгы такталууда.
Кылмышка шектүү деп кармалган өспүрүмдөрдүн бири аймактык психоневрологиялык диспансердин каттоосунда тургандыгы маалым болгон.