Кыргыз жеңил атлеттер Казакстанда өтө турган эл аралык мелдештерге катышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жеңил атлетика федерациясынан билдирди.
Маалым болгондой, Кыргыз спортчулары Усть-Каменогорск шаарында өтө турган Казакстандын чемпиондугуна жана олимпиада чемпиону Ольга Рыпакованын байгесине арналган мелдештерге катышат. Казакстандын чемпиондугу 15-17-январь аралыгында өтсө, Ольга Рыпакованын байгесине арналган мелдеш 20-январда орун алат.
Аталган мелдештерге Кыргыз Республикасынан 7 спортчу катышат. Алардын арасында өлкөбүздө белгилүү Али Магомедгажиев, Кирилл Сарасов жана Мусулман Жоламанов бар.
Кыргыз курама командасы:
Анна Буланова - спорт чебери;
Валерий Пономарев - спорт чебери;
Али Магомедгажиев - спорт чебери;
Кирилл Сарасов - спорт чеберине талапкер;
Данияр Арыпбеков - спорт чеберине талапкер;
Мусулман Жоламанов - спорт чеберине талапкер;
Жамалдин Мусаев - спорт чебери;
Башкы машыктыруучу: Сатыбек Чокаев.