Жеңишбек Айтиев бейбаштыкка айыпталып, 4 жылга шарттуу эркинен ажыратылды. Жаза бир жылдык сынак мөөнөтү менен чектелди

2018-жылдын 12-январь күнү Ош шаардык соту ырчы, куудул Жеңишбек Айтиевди Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) боюнча күнөөлүү деп таап, 4 жылга шарттуу эркинен ажыратып, бир жыл сынак мөөнөтүн чектеди. Бул тууралуу Айтиев менен байланышканыбызда, ал SUPER.KG порталына маалыматты тастыктады.

Айтиевдин айтымында, уулу Туратбек Акпаралиевдин өлүмүнө айыпталган Нуржигит Анарбаевдин атасы менен уруша кетип, ага кол көтөрүп койгон.

Айрым маалыматтарга караганда, окуя 2017-жылдын октябрь айында болгон. Анда Н.Анарбаевдин атасы төрт киши менен бирге Жеңишбек Айтиевдин үйүнө келген. Ошол учурда эшикти Айтиевдин аялы ачып, жолдошу алар менен сүйлөшүүнү каалабаганын айткан. Бирок алар кетишкен эмес. Кийин Айтиев ашкана бычагын ала чыгып, Н.Анарбаевдин атасынын оң колунун алаканына сайган.

Жабырлануучу Жеңишбек Айтиевдин үстүнөн милицияга арыз жазган.

Айта кетсек, 2016-жылдын 21-октябрь күнү саат 12:00 чамасында Ош шаарынын Гостелло көчөсүндөгү 1-Б үйүнүн алдында Жеңишбек Айтиевдин 2004-жылы туулган уулу Туратбек Акпаралиевди (Жеңишбекович) 1994-жылы туулган Нуржигит Анарбаев аттуу жаран бир нече жолу бычак менен сайып салган. Жабырлануучу ошол жерден каза болгон.

Ош шаардык соту Жеңишбек Айтиевдин уулунун өлүмүнө шектелген жаранды өмүр бою эркинен ажыраткан болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (30)
Okna
2018-01-15 19:52:02
Жакшы тезеле сот окумун чыгарыптыр, ато чондорго окшоп айлап жылдап кундо сот кылып аркандай ойундарды корсотушуп
+6
Paprikafm
2018-01-15 20:00:21
Тиги олтургон баланы омур бою ажыратканбы же ажыраткан болчубу
+6
Aydarov.0607
2018-01-15 20:39:55
Түшүнүксуздор коп комментарий жазгандарды окусан. 4 жыл эч жака чыкпайт жана той тамашада ырдап кулбойт.
0
tursunbaev78
2018-01-15 21:16:19
Aydarov.0607,ашырып жибердиң,т
ой тамашаларга катыша берет
+5
amirrus
2018-01-15 20:43:08
эээххей жаман иш болуптур эч кимдин башына тушбосун сабыр кылыныз Жениш ака
+2
aydinnur
2018-01-15 21:27:30
Баланын күйүтү жаман...((Жеңишбек дагы сабырдуу экен...
+8
Asus123
2018-01-15 22:17:04
Бул жон жерден болгон иш эмеско тиги киши эмнеге барды уйуно бир себеп болгон бычактап салышына
+1
Zainidin96
2018-01-16 00:00:48
Жаткан жери жайлуу болсун жениш байке сабыр кылыныз
+1
dair2013
2018-01-16 00:15:39
Баласынын куноосу учун кечирим сурап жалдыраса болот эле Жениш Айтиевден. Жарасына туз сээп, куйутун кучоттуда. Ошо балсы атасын олтурсо болмок экен. Башка уй булону сыздатпай.
+3
dobrajelatel
2018-01-16 00:42:18
Уялбай Айтиевди сотко бергенин бети жооок.
+2
Nora
2018-01-16 06:48:29
ymmm balanyn artynan atasy turmogo otursa , bir ui bulonun tagdyry talkalanbaiby, emmi boloru bolgondon kyiyn, kudaiga salyp koiso bolmok , bir kun emes bir kun kudai jazalamak.
0
nurhan2702
2018-01-16 12:22:24
Женишбек байкени соттобой эле койсо болмок. Кандай бети жок адамдар алар, чырактай баланы мыкаачылык мн олтурушуп дагы бет тырмачылык кылып жатышат. Уй камагы деген жон гана эркиндиктей эле да, акчасын алып женилдетип койгон сотторго мин наалат. Баласынын куйутунон ушул жолго барып аткандыр. Дагы уялбастан уйуно барып жанжал салышса аяп коебу. Адамдарда нысап деген, бет деген калбады.
+2
Эмил Балтагулов
2018-01-16 14:24:23
Эмне эле кайра кайра бара берет баласын эстетип. Туратты өлтүргөнү азбы? Эми Жеңиш акени каматкысы келип жатабы? Бир, эки жыл көзүнө көрүнбөй турбайбы жок дегенде. Жеңиш аке деле убакыт дарыласа өзү Аллах үчүн кечирдим деп бара турган инсан. Сабыр кылсын да. Күтсүн, сайыла бербей.
+1
Эмил Балтагулов
2018-01-16 14:26:15
Үйүңдө жатып коргонуу үчүн атып салсаң да сурак жок дешет го. Эмнеге соттойт??? Жооп күтөм...
0
Nevestkaa
2018-01-16 19:58:59
Кудайым аай баласын өлтүрүп дагы атасын соттотуп жашоонун мыйзамдын теңсиздиги соттор деле айтпайбы ал үйгө эмнеге барасын деп.Жеңиш акеге өтө кыйын азыр сабыр кылыңыз.
0
Hanzada.sabih
2018-01-16 22:48:39
Биздин сотторго акча болсо болду да!сот депутат ГАИ врач койчу баардык госоргандагылар адам эмес эле айбан болуп алыштыго!!!Кудай алдында ар бирин эртен эле жооп бересинер!тозокто эле куйгурлор!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан