Бишкек-Ош жолунда ири көлөмдө таш кулап, оор жүк ташыган унааларга тоскоолдук жаратууда. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык бүгүн саат 16:30 чамасында аталган жолдун 424-чакырымында, Кара-Көл шаарына жакын жерде болгон.
"Азыркы тапта жолго кулаган таштын көлөмү такталууда. Жеңил машиналар өтүп жатканы менен, оор жүк ташыган унаалар үчүн тоскоолдук бар. Учурда ташты тазалоо үчүн №30-жол-тейлөө ишканасына таандык кран иштеп жатат. Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жок", - деп билдиришти ӨКМдан.