Талас районунда мыйзамсыз аңчылык кылгандарга административдик айып салынып, мылтыктары тийиштүү органдарга өткөрүлдү. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Мамлекеттик экотехинспекциянын Талас региондор аралык башкармалыгынын инспекторлорунун, жергиликтүү укук коргоо органдары жана мергенчилер коомунун өкүлдөрүнүн катышуусунда рейд өткөрүлгөн. Анда Чырканак өзөнүнөн Ак-Сай айылынын А.И. жана Т.С. аттуу тургундары 16 калибрдүү эки мылтык жана 10 кекиликти мыйзамсыз аткандыгы аныкталган.
"Инспекторлордун териштирүүсүндө мылтыктар жана кекиликтин мыйзамсыз атылгандыгы аныкталып, жеринде мылтыктар тартылып алынган. Жаратылышка кыянаттык кылган аңчыларга административдик айып салынып, тийиштүү материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген. Мыйзамсыз алып жүргөн куралдары мамлекеттин пайдасына конфискацияланды", - деп айтылат маалыматта.