Норвегиялык ырчы Александр Рыбак кайрадан "Евровидение" сынагына катышат. Бул тууралуу чет элдик басма сөз каражаттары жазып чыгышты.
"Евровидение-2009" сынагынын жеңүүчүсү Александр Рыбак ушул жылы Португалияда өтө турган "Евровидение-2018" сынагына катыша тургандыгын басма сөз жыйынында билдирген.
Маалым болгондой, ырчы Португалияда өтө турган сынакта "Тhat’s How You Write А Song" ырын аткарат. Ырчы жогоруда аталган ырдын өзүн гана эмес, ага тартылган видеоклипти да көрөрмандарга тартуулаганга жетишкен.
Айта кетсек, Рыбак "Евровидение-2009" сынагына "Fairytale" ыры менен катышып, жеңүүчү аталган.