Өлкөдө террордук акт жасоо үчүн атайын окуудан өткөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 2017-жылдын 30-декабрында контртеррористтик иш-чаралардын алкагында, террордук топтун активдүү мүчөсү, Кыргыз өлкөсүнүн 1995-жылы туулган жараны Ж.С. кармалды.
"Кармалган жаран куралдуу жихад идеясын колдоп, өлкөдө террордук актыларды жасоо үчүн, колго жасалган жарылуучу түзүлүштөрдү даярдоо боюнча, “жабык” социалдык-виртуалдык топтун окуусунан өткөн. Азыркы убакта Кылмыш-жаза кодексинин 299-2-беренеси (экстремисттик материалдарды сатып алуу, даярдоо, сактоо, жайылтуу, ташуу жана жиберүү, ошондой эле экстремисттик же террористтик уюмдардын символдорун же атрибуттарын атайылап колдонуу) боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү тергөө абагына киргизилди", - деп айтылат УКМКнын маалыматында.