Райан Гиггз Уэльс курама командасынын башкы машыктыруучусу болду

Белгилүү мурунку футболчу Райан Гиггз Уэльс курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп дайындалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка караганда, 44 жаштагы Райан Гиггз Уэльс футбол ассоциациясы менен 4 жылдык келишим түзгөн.

"Улуттук курама команданын башында иштеш мен үчүн чоң жетишкендик, мен муну менен сыймыктанам", - дейт Гиггз.

Айта кетсек, Райан Гиггз 29 жыл "Манчестер Юнайтед" клубунун оюнчусу болгон. Аталган клубга алгачкы жолу 14 жашында барган. Жалпы эсепте "МЮ" менен 963 беттешке катышкан. Футболдук карьерасын жыйынтыктаган соң "МЮда" машыктыруучу болуп иштеген. 2013-2014-сезондун аягында Дэвид Мойестин кеткенине байланыштуу "МЮнун" убактылуу башкы машыктыруучусу кызматында иштеген. Андан соң Луи ван Галдын жардамчысы болгон.

Райан Гиггз Уэльс курама командасын баштап алгачкы беттешке марттын аягында чыгармакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Derzki_kyrgyz
2018-01-17 04:52:29
Жакшы оюнчу болчу, Манчестерде
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан