Кыргыз-Кытай чек арасынан оор жүк ташуучу унаанын кузовунда жашырынып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 15-январь күнү чек арачылар тарабынан эки Кыргыз жараны кармалган.
"Кыргыз-Кытай чек арасында Shacman үлгүсүндөгү унаа токтотулуп текшерүүгө алынган. Анын натыйжасында 1989-жылы туулган А.Т. аттуу жарандын унаанын кузовуна жашырынып алганы белгилүү болгон. Анда эч кандай уруксат берүүчү документтер болгон эмес. Учурда айдоочуга жана А.Тга айып салынды", - деп билдиришти чек ара кызматынан.