Бишкекте техникалык тейлөө станциясынан өрт чыгып, бир адам каза болду

Бишкекте техникалык тейлөө станциясынан өрт чыгып, бир адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, өрт кырсыгы тууралуу маалымат 15-январь күнү саат 23:50 чамасында келип түшкөн.

"Жалпы аянты 150 чарчы метр техникалык тейлөө станциясы (СТО), вулканизация, унаа тетиктерди сатуучу дүкөн толугу менен күйгөн. Ошондой эле сыртта турган унаалар Тойота Королла, Ауди-100, Жигули толугу менен күйгөн. Техникалык тейлөө станциясынын (СТО) ичинен күйүп калган бир адамдын жансыз денеси табылган. Аты-жөнү такталууда. Азырынча өрттүн келип чыгуу себептери белгисиз", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан