АКШда 13 баласын көп убакыттан бери үйүнө байлап койгон ата-эне кармалды

АКШда өзүнүн 13 баласын көп убакыттан бери үйүнө байлап койгон ата-эне кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү басма сөз каражаттары жазып чыгышты.

АКШнын Калифорния штатында 2 жаштан 29 жашка чейинки 13 баласын бир бөлмөгө камап, чынжырлар менен байлап койгон ата-эне кармалган. Бул туурасында маалыматты, куткаруу кызматына 14-январда эртең менен жубайлардын 10 жаштагы кызы качып чыгып билдирген.

Берилген дарек боюнча келген полиция кызматкерлери 57 жаштагы Дэвид Аллен Турпин менен 49 жаштагы Луиза Анна Турпинди кармашкан. Үйдүн ичинде караңгы жана жагымсыз жыттанган бөлмөдөн полиция кызматкерлери 12 баланы табышкан. Алардын ичинен жетөө 18 жаштан 29 жашка чейинкилер экени аныкталган.

Көп убакыттан бери тамак ичпей кыймылсыз жаткан балдардын абалы начар болгондуктан, алар биринчи жардам алыш үчүн дароо ооруканага жеткирилген.

Азыркы тапта ата-эне сурак берип, эмне себептен мындай кадамга баргандыгы териштирилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Eli.91
2018-01-16 12:46:51
Кудай сактаа тообо кылдым,баары чынында эле оздорунун балдары бекен аа?
+7
Pandora
2018-01-16 12:49:35
Тообо кылдым,оз кандарынан жаралган балдарга мвечалык очошкондой эмне болгон экен?
+2
mbmur
2018-01-16 12:51:32
Кызыгы 18жаштан откон 7 баласы оздорун байлатып койгонунда...
+4
Ferdews
2018-01-16 14:18:42
mbmur,кичинекей кезинде байлап, ошол боюнча байланып жатса керек да
+3
zhykyo
2018-01-16 14:49:11
Сатмак болуш керек запчастап
-1
kechirmeni
2018-01-16 15:11:41
бул жагы кинодогудай эле болуптур
-1
Muratmipa
2018-01-16 19:27:41
Багып алган балдары болсо керек
+1
Nevestkaa
2018-01-16 19:34:09
Ушундай окуяларга ишениш кыйын:13бала төрөбөйт булар и эң кичинеси 2жашта болсо аял 47синде төрөттөн калса кк.Азыр ар бир адамда тел.бар бой жетип калган балдарын жоро жолдоштору издеп чалат дегендей ишенбөөчүлүкө көп эле версиялар бар экен.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан