Нарын шаарында жүргүзүлгөн рейд учурунда спирт ичимдигин ичип, "карб" жыттаган өспүрүм балдар кармалышты

Нарын шаарында жүргүзүлгөн рейд учурунда спирт ичимдигин ичип, "карб" жыттаган өспүрүм балдар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда SUPER.KG порталына Нарын ОИИБинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Нарын ШИИБинин кызматкерлери Нарын ОИИБинин милициясы менен биргеликте 15-январда Нарын шаарындагы “Береке” базарында коомдук жана жол коопсуздугун сактоо менен бирге кылмыштуулукту алдын алуу максатында рейд жүргүзгөн. Мындан улам түнкүсүн бейбаштык кылып көчөдө жүргөн 6 өспүрүм бала кармалган. Аларга жүргүзүлгөн медициналык экспертизанын жыйынтыгында 4 өспүрүм бала "карб" жыттап, (карб - унаалардын карбюраторун тазалоочу химиялык каражат) жана алкоголдук ичимдик ичкендиги аныкталган.

Мекемеден маалымдагандай, жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери балдардын окуган жеринен маалыматтарды алып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн окуучулардын ата-энелерине сунуштар жөнөтүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Totyua.71.
2018-01-16 19:33:16
Ушул эле жетпей жатты эле!
+3
jyldyz1
2018-01-17 17:05:02
Атын очкур карб сенин айынан корбогон кунум калбады
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан