Орусиялык актёр Марат Башаров сириялык өспүрүмдөрдү өз камкордугуна алды

Орусиялык театр жана кино актёру, Татарстандын Эмгек сиңирген артисти Марат Башаров сириялык өспүрүмдөрдү өз камкордугуна алды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, Ахмад жана Асма аттуу өспүрүмдөр Ливандагы убактылуу лагерде өздөрүнүн ата-энелери менен жашашат. Актёр ай сайын аларга каржы жагынан жардам көрсөтүп туруу үчүн расмий түрдө кол коюп келген. Анын айтымында, бул чечимге өзүнүн каалоосу жана тандоосу менен келген.

Ошондой эле февраль айында Москвада өтө турган, өзү режиссёрлук кылган "Разговор с душой" спектаклине чакырган.

Белгилей кетсек, "Олигарх", "Сделка", "Служебный роман. Наше время" жана башка тасмалар аркылуу таанымал актёрдун өзүнүн 1 кыз, 1 уулу бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
salimbek87.kg
2018-01-17 09:20:19
Азамат экен Көп жашаңыз.
+8
Simels
2018-01-17 10:03:25
Молодец Негизи Татарлар жакшы калк болот
+3
aszyma
2018-01-17 10:14:25
Бул баягы аялыны уруп өлөсө кылып таштаган актёрбу? Кийин ажырашкан белееее?
+1
Dembele84
2018-01-17 10:20:33
aszyma,Башаров азыр учунчу аялы менен жашайт.Т.Навка менен да роман тузо койгон,чынында ичкиликтин айынан катындарына кол которуп,сабагандары факт!
+5
nura.177
2018-01-17 19:12:22
aszyma,олоорчо урган эмес, аялы ошого жеткирген деп да айтып журушот
0
odin-takoy
2018-01-17 10:34:40
Ушул козу ачыктардын шоусун алып барып жургон илгери ошодон коро башка иш кылса болмок. Балдарга жардам бергени жакшы молодец
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан