Ошто эки унаа кагышып 11 адам жаракат алды

Кечээ, 16-январда Ош-Ноокат жолундагы Алмалуу айылында Ауди-100 жана Хонда Стрим үлгүсүндөгү эки унаа кагышып, кырсыктан 11 адам жаракат алды. Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашкандай, жабыркагандардын баары "Тез жардам" кызматы аркылуу Ноокат районундагы аймактык ооруканага жеткирилген.

Алардын сегизи ооруканага жаткырылып, үчөө дарыгерлердин кароосунан кийин үйүнө жиберилген. Жабыркагандардын көпчүлүгүнүн баш мээси чайкалып калгандыгы, алардын ичинен 1999-жылы туулган М.Абдумомунова деген жарандын абалы оор экендиги белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
almanbetperm
2018-01-17 10:03:25
Алдакдабай эки жакты карап айдагылачы праваны сатып алгандар
+7
datkayimjan
2018-01-17 10:56:20
Ошто шаардын сыртындагы жолдор кокмок муз. Кум сээп коюшса жакшы болмок.
+2
Abdumital
2018-01-17 20:39:50
Кудай сактасын биздин олкодо эмне эле болуп жатат
чехияда 30 машина кагышып 10 адам женил жаракат алды деп жатса биздин эки эле машина алардан ашып кетиптирго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан