"Чехиянын борбору Прага шаарындагы негизги көчөлөрүнүн биринде 30 унаанын кагылышуусунда кырсык болду. Кырсыкка кардын калың жаагандыгы себеп болгон", - деп жазылат чет элдик маалымат булактарында.
Маалыматта жазылгандай, кырсыктан 10 адам жабыркаган, алардын көбү жеңил жаракат алышкан. Кагышкан унаалар негизинен жүк ташуучу машиналар болгон. Окуя катталгандан кийин жол бир нече убакытка жабылган.
Полиция мындай кырдаалдын орун алышына айдоочулар тумандан улам жол жакшы көрүнбөгөндүгүнө жана тайгактыгына карабай жогорку ылдамдыкта унааларын айдагандыгы себеп болгонун айткан.