"Супер хитке" Айдана Деканын "Эргүү" чыгармасы кошулду. "Клип тартуу учурунда көзүм жумулуп, уктап кетип жаттым" дейт ырчы

SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар жуманын жеңүүчүсү аныкталат.

Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.

Бул ирет сынактан четтетилген чыгарманын ордуна жаш ырчы Айдана Деканын аткаруусундагы "Эргүү" чыгармасы тизмеге кошулду.

"Мен бул чыгарманы бир укканда эле жактырып, качандыр бир убакта сөзсүз түрдө жаңылап ырдап чыгам деген ой-максатым бар болчу. Тилегим орундалып, ырга клип тартууга да үлгүрдүм. Клипке толук 8 ай даярдандык. Тактап айтканда, бий үйрөнүүгө, костюм тиктирүүгө, башка клиптерге тартыла элек жерлерди издөөгө ошончо убакыт кетти. Ал эми тартуу иштери 2 күн, 2 түндө соңуна чыкты. Акыркы машинада отуруп ырдаган эпизодду тартуу учурунда уйкум келип, ылдый караган сайын көзүм жумулуп, уктап кетип жаттым. "Эргүүнүн" башка клиптерден айырмасы - көп кийим алмаштырып, чач жасалгам менен боёкторумду да улам сайын өзгөртүп турганымда. Буга чейин 1 же 2 эле жолу макияж жасатып, ошо менен клипти жыйынтыктап койсок, бул ирет андай болгон жок", - дейт ырчы.

10-ЯНВАРДАН 17-ЯНВАРГА ЧЕЙИН ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫНА КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ

10-орун - Ильяс Кудретовдун аткаруусундагы "Жайна" клиби эң аз добушка ээ болуп, сынактан четтетилди.

9-орун - Аида Маканбаеванын "Өмүрлөшүмө" чыгармасы өткөн апталарга салыштырмалуу бир топко аз каралган.

8-орунда - Мээрим Карыпованын "Күндөйүм" ырынын клиби.

7-орун - Асел Кадырбекованын аткаруусундагы "Жаныңда болсом дейм" клиби мурунку жумага салыштырмалуу 1 тепкичке төмөндөгөн.

6-орун - "Non-Stop" дуэтинин "Жаныма кел" ырынын клиби бул ирет 6-орунда.

5-орун - Назми Байзакованын аткаруусундагы "Манас" чыгармасы өткөн аптадагы жыйынтыкка салыштырмалуу азыраак каралган.

4-орунда - Ильяз Абдыразаковдун аткаруусундагы "Сенин көзүң башкача" чыгармасы орун алган.

3-орун - Ырчы Нурлан Насиптин аткаруусундагы "Жүрөгүм" видеокомпозициясы алдынкы үчтүккө илинген.

2-орун - Самат Эркинбековдун аткаруусундагы "Жетемин баарына" видеокомпозициясы мурунку жумада жеңүүчү деп табылса, бул ирет 2-орунда.

1-орун - Ал эми өткөн аптада жаңыдан тизмеге кошулган Данияр Эрматовдун "Апамдын болчу келини" чыгармасы эң көп добушка ээ болуп, жуманын жеңүүчүсү аталды.

Сүйүктүү композицияңызды алдынкы орунга чыгаруу сиздин колуңузда. Ал үчүн бул шилтеме аркылуу "Супер хиттин" добуш берүү бөлүмүнө өтүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Guji
2018-01-18 14:52:46
Деканардын озунун ыры жок качан карасан бироонукун ырдап жургон болосун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан