Москвада 12 жаштагы Кыргыз кыздын өлүмүнө шектелип кармалган жигит күнөөсүн моюнуна алып, күчөтүлгөн режимде 16 жылга эркинен ажыратылды.
Чечимди Москванын шаардык соту чыгарганын орусиялык басылмалар жазды.
Маалым болгондой, окуя 2016-жылдын 24-декабрында Орусиянын Москва шаарында орун алган. Анда Мира аттуу Кыргыз аял өзүнүн эки кыз, бир уулу жана бир небереси менен бирге 69 жаштагы пенсионер аялды карап, анын 3 бөлмөлүү үйүндө жашап турушкан. Кийин ал үйгө Миранын 20 жаштагы Жылдыз аттуу кызы 21 жаштагы Чыңгыз деген жигитин киргизип, ал жигит үйдө убактылуу жашап турган.
Бирок 2016-жылдын ноябрь айында кызганычтан улам кыз-жигиттин мамилеси бузулуп, 24-декабрь күнү Чыңгыз кыздын үйүнөн кийимдерин алып кетүүнү көздөгөн. Кийимдери кайда турганын анын 12 жаштагы сиңдисинен сураган. Бирок кыздын "өзүң изде" деген сөзүнө теригип, бычак менен анын бетине сайып жиберген. Ал учурда үйдө 12 жаштагы кыз менен 69 жаштагы пенсионер аял гана болгон.
Андан кийин ал Бишкекке учуп кетүү үчүн аэропортко келгенде полиция кызматкерлери тарабынан кыздын өлүмүнө шектүү катары кармалып, камакка алынган. Полиция кызматкерлеринин суроолоруна жооп берип жатып кылмыш кылганын моюнуна алган жана кыздын жакындарынан кечирим сураган. Бирок кыздын жакындары аны кечирүүдөн баш тартып, соттон өмүр бою эркинен ажыратууну суранышкан. Шаардык сот кылмышкерди 16 жылга күчөтүлгөн режимде эркинен ажыратып, кыздын жакындарына 1 миллион рубль жана уурдап кеткен телефонун төлөп берүүнү милдеттендирген.