Бүгүн, 17-январда белгилүү ырчы Замир Арыкбаев 37 жашка толду. SUPER.KG порталы ырчы менен байланышып, бүгүнкү күнгө койгон пландарын укту.
"Мен негизи түнкү саат 2-3төрдө уктап көнүп алгам. Кечээ да кеч жаткандыктан, алгачкылардан болуп жубайым түн ортосунда эле куттуктаган. Эртең менен эрте туруп, түз эфирге бардым. Андан чыккан соң чачымды тегиздетип, азыр эле үйгө кирдим. Жубайым кечкиге даярданып, дасторкон жасап жатыптыр. Апам да үйдө. Туулган күндү, буюрса, кечинде үй-бүлө, бала-чакам менен белгилейбиз", - дейт ырчы.
Замир Арыкбаев 1981-жылы 17-январда Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. Беш бир туугандын ортончусу. Алгач колунан комузун түшүрбөй фольклор, ошондой эле эстрада жаатында да активдүү болгон ырчы көпчүлүккө "Кудача кыз", "Даткайым", "Көлдүк карындаш" жана башка ырлары менен белгилүү болгон.
17-январдын жылнаамасы.