Аксыда 29 жаштагы кыз айылдашынын өлүмүнө шектүү катары кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге бүгүн, 17-январда Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Берилген маалыматка ылайык, 14-январь күнү райондогу аймактык ооруканага Ак-Суу айыл аймагынан 1978-жылы туулган Б.Т. аттуу тургун бычактан алган жаракатынан улам жаткырылып, бирок каза болуп калгандыгы тууралуу милицияга кабар берилген. Милиция кызматкерлери анын өлүмүнө шектүү катары ошол эле айылда жашаган 29 жаштагы кызды кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизишкен.
"Б.Т. мас абалында кыздын үйүнө келип тажатканынан улам кыз аны үйүнөн сыртка чыгарып, көкүрөк тушуна бычак сайып жиберген. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалды жана тергөө иштери башталды", - деп билдиришти ОИИБден.