Бишкекте жаран таанышынан Мерседес-Бенц унаасын 2 саатка сурап кетип, андан ары 36 миң сомго сатып жиберген

Бишкек шаарынын 33 жаштагы К.М. аттуу тургуну алдамчылыкка шектелип кармалды. Мындай маалыматты Бишкек ШИИББи бүгүн, 17-январда билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга Бишкектин тургуну кайрылып, 11-январда чала таанышы анын ишенимине кирип Мерседес-Бенц-Е320 үлгүсүндөгү унаасын "2 сааттын ичинде алып келип берем" деп алып кеткендигин, бирок андан ары унааны 36 миң сомго сатып жибергенин айткан.

Издөө иштеринин жүрүшүндө жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары 1985-жылы туулган К.М. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Факты боюнча кылмыш иши ачылып, териштирүү иштери жана кармалган адамдын башка кылмыш иштерине тийиштиги бар же жоктугу каралып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
aibars
2018-01-17 14:30:39
Чала эми кылганынды башын менен тартасын +коптогон бети ачылбаган кылмышты илишет. Эки ай иштесен таап алат эленго бироонун оокатын уурдабай.
+5
Nurtilek001
2018-01-17 15:37:48
Алган адам деле келесообу, арзан сунунштап аткандан кийин баш тартпайбы, ызычуусу бар машина экен кайрале ээси табылат деп.
+5
Dembele84
2018-01-17 16:14:43
Молодец,жакшы иш кылыптыр,тез баюунун жолун ушинтип ойлоп тааптыр келесоо )))
+1
omke.85
2018-01-17 23:14:35
Машинаны алып барып касаптарга сатып жибергенго сыягы алар тетиктерин чачып сатып жиберишетта майдалап
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан