Кыш чилдесине карабай чек арадагы Чу дарыясын кечип өтүп Кыргыз өлкөсүнө мыйзамсыз кирген Казак жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-январда Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 16-январда Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлери Чүй облусундагы Чу дарыясын кечип өтүп чек арадан мыйзамсыз кирген Р.Т. аттуу 26 жаштагы Казакстандын жаранын кармашкан. Ал кармалгандан кийин мындай мыйзамсыз аракетке Чүй облусунда жайгашкан Токмок шаарындагы достору менен жолугуу үчүн барганын айткан.
Ошондой эле аталган маалыматта Р.Т. кылмыш жоопкерчилигине тартылып ага Казакстандан чыгууга тыюу салынганы, ошондуктан ал өткөрүү пунктуна барбастан мыйзамсыз түрдө өткөнү белгилүү болгону айтылат.
Андан сырткары басма сөз кызматынан чек арадан мыйзамсыз өткөн Казак жараны УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилгенин да кошумчалашты.