Чүй ОИИББи: "Ала-Арча" VIP-шаарчасынын башкарма имаратына тергөөчүлөр барып иш алып барышууда"

Бүгүн, 17-январда "Ала-Арча" VIP-шаарчасынын тургундары Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибеков, жубайы Аида Токтоматова жана мурдагы депутат Феликс Куловдун жубайы Фатима Абдырасулова шаарчанын башкармалыгынын имаратын басып алганын айтып чыгышты. Учурда аталган жерге Аламүдүн РИИБинин тергөөчүлөрү барышканын SUPER.KG'ге Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Учурда райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүлөрү аталган жерге барып өз иштерин улантышууда. Алар ал жердеги абал боюнча азырынча толук маалымат бере элек", - дешти ОИИББден.

Жергиликтүү тургун Евгения Кухтанын журналисттерге билдиришинче, саясатчылардын жубайлары башкармалыктын документтерин жана мөөрүн алып бербей жатышат.

Ал эми учурда айтылган маалымат боюнча Келдибеков жана Кулов комментарий бере элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан