Ош шаарында жеке ишкердин үйүнө кирип, курал менен коркутуп 15 миллион сомдон ашуун акчасын алып кетишкен дегенге шектелип уюшкан кылмыштуу топтун 3 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Алардын билдирүүсүнө ылайык, окуя 2017-жылдын 29-декабрында саат 22:30дар чамасында болгон.
"Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районунда 32 жаштагы жеке ишкердин үйүнө бир нече беткапчан адамдар кирип колундагы куралдары менен коркутушуп, үйдө турган сейфти өздөрү менен алып кетишкен. Ошол учурда үйдө 32 жаштагы ишкердин аялы жана 2 баласы болгон. Аларды куралдары менен коркутушуп колу-бутун байлап салышкан. Сейфте 10 миң доллар, 560 миң рубль, 14 миллион сом жана ар кандай документтер болгон. Ошондой эле каракчылар үй ээсинин Хонда Фит үлгүсүндөгү унаасын да айдап кетишкен.
Кийин бул кылмышка тиешеси бар делинип Ош облусунун 25 жана 26 жаштагы 3 тургуну кармалды. Алардын жанынан далил катары 4 миллион 700 миң сом табылды. Кылмышка тиешеси бар дагы 3 адам изделип жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Андан сырткары кармалган адамдарга карата 168-берене (каракчылык) менен кылмыш иши козголуп, алар убактылуу кармоочу жайга жеткирилгенин кошумчалашты.