Белгилүү Голливуд жылдызы Ким Кардашьян жаңы төрөлгөн ымыркайынын сүрөтүн сатуудан баш тартты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, Кардашьяндын ымыркайы төрөлгөнгө чейин эле белгилүү журналдар тарабынан наристенин сүрөтүн журналдын башкы бетине чыгаруу сунуштары түшө баштаган. Ал үчүн журналдар 2 миллиондон 5 миллион долларга чейинки гонорарларды сунушташкан. Бирок модель жана анын жолдошу Канье Уэст мындай сунуштардан баш тартышып, бул алардын моралдык принциптерине туура келбей турганын билдиришкен.
Белгилей кетсек, түгөйлөр буга чейинки уулу менен кызынын сүрөттөрүн аларга 2 ай толгондо, алгач социалдык тармактагы баракчаларына жүктөшкөн. Кийинчерээк белгилүү журналдардын бири сүрөттөрдү жарыялоого уруксат алган.
Эске салсак, Кардашьяндын үчүнчү наристесин карын эне 15-январь күнү жарык дүйнөгө алып келген.