Бишкекте эки машина сүзүшүп 3 адам жабыркады. Жабыркагандардын арасында ымыркай да бар

Бишкекте эки машина сүзүшүп 3 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 18-январда ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 17-январь күнү саат 22:00 чамасында Чүй жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда 21 жаштагы айдоочу Гольф-4 үлгүсүндөгү унаасы менен Тойота Авенсис унаасын сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен Тойотанын жүргүнчүсү 41 жаштагы П.В. жана 2017-жылы туулган ымыркай, Гольф-4 унаасынын жүргүнчүсү Ю.К. жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, топтолгон материалдар тергөөчүлөргө өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан