Ысык-Көл облусунда Нива унаасы жардан кулап, 2 адам каза болду. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 17-январдан 18-январга караган түнү саат 01:30 чамасында Ысык-Көл облусунун Чоң Талды-Суу капчыгайында болгон. Анда Эңилчек айылынын 36 жаштагы Б.З. аттуу тургуну Нива үлгүсүндөгү унаасы менен аталган капчыгайда келе жатып, рулду башкара албай жардан кулап кеткен.
Кырсыктын кесепетинен айдоочу жана 26 жаштагы жүргүнчү окуя болгон жерден жан берген. Ал эми 53 жаштагы Ж.С. аттуу жүргүнчү оор жаракат алып, Ак-Суу райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.