17-январдан 18-январга караган түнү Орусиянын Москва шаарындагы "Садовод" базарынан өрт чыкты. Орусиялык ЖМКлардын маалыматына караганда, өрт саат 21:00 чамаларында чыгып, эртеси таңкы саат 03:51 чамаларында толугу менен өчүрүлгөн. Өрт базардын ичиндеги үч кабаттуу соода күркөсүнүн биринчи кабатынан чыккан. Кырсыктан каза болгондор жана жаракат алгандар жок экендиги кабарланды.
Кыргыз мамлекетинин Орусиядагы элчилигинен кабарлашкандай, тилсиз жоодон чыгымга учурагандардын арасында Кыргыз жарандарынын бар же жок экендиги такталып жатат.