Бүгүн, 19-январда белгилүү эстрада жылдызы Жийдиш Идирисова 33 жашка толду. Ырчыны куттуктап байланышка чыкканыбызда, чыныгы туулган күнү кечээ, 18-январда экенин, ал эми документте 19-январь болуп жазылып калганын айтты.
"Негизи мен 18-январда төрөлүптүрмүн. Бирок туулгандыгым тууралуу күбөлүккө 19-январь болуп жазылып калган. Андыктан жыл сайын 2 күн катары менен туулган күн белгилейм. Кечээ үй-бүлөм, жолдошум жана кыздарымдын куттуктоолорун кабыл алып, алар менен майрамдасам, бүгүн кечинде жакын санаалаштарым менен белгилөө алдында турам", - дейт ырчы.
Жийдеш Идирисова 1985-жылы 19-январда Нарын шаарында туулган. Ал "Эдем алмасы" аттуу тасманын саундтрегин аткарып, эл оозуна алынган. "Артек" музыкалык тобунда 6 жылдан ашык иштеп, андан соң "Сен" деген ыры менен жеке карьерасын баштаган. 2015-жылдын 19-декабрында Түркиянын Стамбул шаарында өткөн "Turkvizyon 2015" Эл аралык сынагынын гранд-финалында мамлекетибиздин атынан чыккан ырчы Жийдеш Идирисова "Ким билет?" аттуу ырды аткарып, 1-орунду ээлеген.