Өзбекстандын жараны "жакшы жашайм" деп Кыргыз мамлекетине мыйзамсыз кирип келе жатып колго түштү

Өзбекстандын жараны Кыргыз мамлекетине мыйзамсыз кирип келе жатып колго түштү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, Өзбекстандын 1979-жылы туулган И.Ш. аттуу жараны 17-январь күнү Кыргыз-Өзбек чек арасынан мыйзамсыз өтүп келе жатып чек арачылар тарабынан Араван районунун аймагынан кармалды.

Кармалган учурда анын жанынан өздүгүн тастыктоочу документтери жок болуп чыккан. Тийиштүү документтер толтурулган соң ал УКМКнын аймактагы бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. И.Ш. чек арачылардын суроолоруна жооп берип жатып, Кыргыз мамлекетине жакшы жашоо үчүн келе жатканын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (25)
altyw95jan
2018-01-18 17:19:14
Альхамдулиллах жашообуз жакшы мындай карасан башка мемлекеттерге караганда ток жашайбыз
+25
nazarKGZ
2018-01-18 17:22:31
чек ара ачылды эми баары кочуп келбесе болду эми
+19
MoltirJan
2018-01-19 15:50:09
nazarKGZ,Кудай сактасын.Эчким кочуп келбей эле койсун.
+1
nuri1
2018-01-18 17:34:33
Оздорунун маданиятын кошо кочуруп ала келип жатышат. Азыр деле исламдын артынан арабтардын маданияты кирип жатпайбы. Жарымыбыз озубектешип жарымыбыз арабташып баратабыз.Ойгонулук элим.
+4
admin_superstan
2018-01-18 17:44:06
Ermekbai, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
+1
Jazdyn_tany
2018-01-18 17:45:26
Улуту кытай, Өзбекстандын паспотун Турциядан жасатып алыптыр...
+8
Nevestkaa
2018-01-18 18:02:23
Кырг.жакшы жашоо бар бекен?Бар болсо биз жашайт элек го туш тарапка тентибей.☺
+22
admiral
2018-01-18 19:38:05
Nevestkaa, Биздин өлкөдөгү жашоо кээбир улуттун элдери учун бейишда. Чындыгында биздин мамлекеттин элдери кээбир коншулаш эле өлкөлөргө салыштырмалуу эркин жашайт!
+13
bakulya2015
2018-01-20 15:08:58
admiral,негизи биздин олко жаннат жакшы жашоо кудайга шугур. Бирок мыйзам тарабынанда жаннатта ошого да биз тарапка келселер керек тынч аман болсок болду
0
Bale
2018-01-20 01:09:17
Nevestkaa,Кудайга шугур. жакшы эле жашап жатабыз
0
pat12
2018-01-18 18:14:09
Сизге кошулам. Азыр ар бир чон олколор оздорунун кызыкчылыгын ойлоп оздорунун гана шарыятын, идеясын башка элдерге таратышуда. Арабтар деле андан калышпай, кудайчыл болушуп ислам аркылуу кыргыздарды арабташтыруу саясатын коруп жатышат. Андыктан дин жонундо ар кайсы кооз идеяларга ишенбей, ар бирибиз дуйнону билим, илим, искуство жана озубуздун тарыхыбыз аркылуу тааныйлы. Озубуздун тарыхыбызды, маданиятыбызды арабтарга алдырып жибербейли. Азыр биздин байлык дин эмес. Биздин байлык илим, билим жа
+6
grace
2018-01-18 18:19:55
Бул шпион болсо керек.
+3
33SUUN
2018-01-18 19:02:26
grace,башка олконун шпиондорун КР алдына килем салып тосуп алат.Шпиондор чек арадан жоо отушпойт.
+3
Dembele84
2018-01-18 19:13:22
Бизде да орустарга окшоп,олкого келген Озбек,тажик,Кытай ж.б кошуналардан регистрация жасоону талап кылып,паспорт алам десе 5 жыл жаша анан аласын дей турган мыйзам чыгарып,ошолордун эле тологон штраф,жасаган документтеринен мамлекетке коптогон акча алып келсе болот.Жон эле аларды тайрандатпай же кичине акча берип койсо бутун опчудой болуп акчасын сол чонтоко салып,бок курсакты тампайтпай!
+6
Janybekleilekkg
2018-01-18 19:25:14
Чек арачыларды алдап койгон ошентип.Бир эле созуго ишенбей катуурак текшериш керек мумкун террорист болуп журбосун
+3
kalima88
2018-01-18 22:03:19
Тиги "жакшы жашагысы келген " Илхом Шарафутдинов калып кетиптир го )))
+2
admin_superstan
2018-01-19 10:34:23
Темадан алыс билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
0
Bale
2018-01-20 01:12:19
Озбекстанда бизге окшоп депутаттан президентке чейин соголбайтта..
0
new-citi
2018-01-20 12:24:13
Мекендештер ушундай керемет жерде жашаганыбызга шугур кылайлы.чындыгында биз кээ бир мамлеттерден жакша жашайбыз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан