Ошто милиция кызматкери пара алып жаткан жеринен колго түштү

Ош облусунда милиция кызматкери пара менен кармалганын ИИМдин маалымат кызматы 18-январда кабарлады. Маалыматка таянсак, 17-январда 22 жаштагы Х.Ш. аттуу адам ИИМдин ички иликтөө кызматына арыз менен кайрылган.

Ал жазган арызында, Араван районунун Тепе-Коргон айыл аймагындагы милиция бөлүмчөсүнүн К.К. аттуу башчысы 200 доллар бербесе анын соода күркөсүн жаап коёрун айтып коркутканын, ага чара көрүүнү суранган.

Мындан улам ИИМдин ички иликтөө, УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери 18-январда анын милиция бөлүмчөсүндө арыз жазган адамдан 7 миң сом пара алып жатканда кармап алышты. Мындан аркы тергөөнү улантуу иши УКМКнын коррупция менен күрөшүү кызматынын аймактагы кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Shef87
2018-01-19 00:26:16
Тепе коргон
+2
Fidel
2018-01-19 02:50:40
Эми Озбекти Тынч коюшбайт тиги мент анын тууган уругу)))
+7
Attila88
2018-01-19 03:33:30
озбек учун кыргыз.эхх.эми ал да россияга кетет
+1
ularik_kg
2018-01-19 08:33:35
Жаны президент болду туугандар!! Озунор билип эле арыз жазып кете бергиле иштен, карга карганын козун чокуптурда
+3
Azatbek83
2018-01-20 19:55:24
ularik_kg,анынарда кыйратпайт Ашанын буйругун аткарып жатат!!!!!
0
amirrus
2018-01-19 09:12:09
Акталып чыгат да башка жакка жайгашат кыжыл болбогула.
+6
aiza16
2018-01-19 09:23:35
Тепе коргондо кыргыздар деле жашайт.
+6
almanbetperm
2018-01-19 10:04:08
А 7 миллион жегендерчи?
+6
ludimira
2018-01-19 10:44:30
Подстава 100%
+4
omke.85
2018-01-19 12:59:25
Коп эле кубо болом кантип колго тушурсо боло
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан