Нарын шаардык сотунун судьясына Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ж.А. аттуу Нарын шаардык сотунун судьясы Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренеси (кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу) жана 328-беренеси (атайылап сот адилеттигине жатпаган өкүм чечим же башка сот токтомун чыгаруу) менен айыпталып, кылмыш иши козголду. Ага 2017-жылы 14-сентябрда адам өлүмүн алган жол кырсыгы тууралуу ишти карап адилетсиз чечим чыгарып, айыпталуучуга жеңил жаза берген жана жабырлануучулардын талаптарын эске алган эмес деген айып коюлган.