Орусияда сабак өтүлүп жаткан класска кирип барган эки өспүрүм мугалимди жана окуучуларды балта менен чапкылап, бөлмөнү өрттөп жиберишкен

Орусиянын Бурятия Республикасынын Улан-Удэ шаарында сабак өтүлүп жаткан класска кирип барган эки өспүрүм мугалимди жана окуучуларды балта менен чапкылап, бөлмөнү өрттөп жиберишкен. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 9-класстын эки окуучусу балта жана "Молотов коктейли" менен куралданып, сабак өтүлүп жаткан класстын ичине кирип барышкан. Андан соң мугалимге жана окуучуларга балта менен кол көтөрүшүп, класстын ичине "Молотов коктейлин" ыргытышкан. Анын кесепетинен мектепте өрт чыккан. Ал эми жабыркаган мугалим жана 7-класстын эки окуучусу ооруканага жеткирилген.

Азыркы тапта окуучуларга кол салган өспүрүмдөрдүн бири кармалып, экинчиси качып кеткен. Алар ошол эле мектепте 9-класста окушчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
__anna__
2018-01-19 11:02:25
Кудай ай эмне деген заман болуп жатат???
+11
RusMos76
2018-01-19 11:08:49
7кл эки окуучусу
-5
General.kg
2018-01-19 11:10:48
RusMos76, ал жабыр тарткан класс. Кол салгандар 9-класс.
+8
Peri93.93
2018-01-19 11:16:06
Кудай сактасын,акыркы мезгилдерде мындайлар коп болууда.
+4
Eli.91
2018-01-19 11:33:48
Toobo kyldyym kandai gana kundor bolup atat aa?Kudai ozu saktasyn4y jaman nerselerden.
+3
Aida001
2018-01-19 12:17:24
Кудай сактааа, мындай нерсеге барышына эмне себеп болду экен .
0
Tyty1990
2018-01-19 12:24:46
Молотов коктейли эмне?
+5
BakytAliev
2018-01-19 19:12:40
Tyty1990,колдо жасалган куйуучу курал. Ботолконун ичине куйуучу май май куюп крышкасын материял (чупурок) мн бекитип материялды куйгузуп ботолкону жерге ыргытып сындырат.
+1
JaneEr
2018-01-19 14:20:26
Россияда оспурумдор маньяк болуп кетишкенби тообо.Тынбай эле окуучулар ырайымсыз кол салып атышат.
+1
MoltirJan
2018-01-19 15:39:31
Эмне деген заманга келип калдык туугандар???((
0
Akyl78.1501
2018-01-19 16:26:02
Срочно СССР ди кайра куруу керек мунда мындай иштерди вообще укчу эмес элек
-1
Nurbollot
2018-01-19 18:06:36
Akyl78.1501,СССРиниз кайра курулбайт.башка жолду табыш керек тарбиялык жолду
+2
Almaz_kg
2018-01-19 21:44:00
Akyl78.1501,СССРде ушундай окуяларды гезиттерге жаздырбайт эледа
0
tular
2018-01-19 16:58:46
Европанын идеологиясы бул деген. Интернеттин кесепети.
+3
Zainidin96
2018-01-19 23:23:17
Орус оюндагысын кылат болуптур бул жагы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан