Кара-Балта шаарында эшиги жабылып калган үйдөн 57 жаштагы адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан 19-январда кабарлашты. Маалым болгондой, 18-январь күнү саат 18:36да аталган министрликтин куткаруучулары Кара-Балта шаарындагы үйлөрдүн биринин бекилип калган эшигин ачып беришкен. Куткаруучулар батирдин ичинде 1961-жылы туулган С.С.А. аттуу жарандын жансыз денеси жатканын көрүшкөн.
Анын эмнеден улам каза болгонун жана кылмыштын курамы бар же жоктугун аныктоо үчүн маркумдун сөөгү ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.