Казакстанда күйүп кеткен автобустун ичинде калып каза болгон 52 адамдын өлүмү боюнча иликтөө жүргүзүлөт. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.
Бүгүн, 19-январда өрттүн себебин иликтөө үчүн Ташкентте атайын өкмөттүк комиссия түзүлүп, алар Ак-Төбө облусуна учуп барышты. Ведомство аралык комиссияны Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов көзөмөлдөйт.
Маалым болгондой, Өзбекстандын Казакстандагы элчилигинин Ак-Төбөдөгү өкүлү каза болгон жарандардын сөөгү бүгүн, 19-январда соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлөрүн билдирген.
Ошондой эле Өзбекстандын Алматыдагы элчилигинин кызматкерлери кырсыктан жабыркагандарга жана каза болгон жарандардын үй-бүлөлөрүнө ар тараптуу жардам көрсөтүү үчүн Ак-Төбө облусуна барышты.
Учурда каза болгондордун Орусияга чыгуу максаты жана кырсыктын так себептери иликтенүүдө. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, каза болгон жана жабыркагандардын арасында балдар менен аялдар жок.
Эскерте кетсек, кечээ, 18-январь күнү Казакстандын Ак-Төбө облусунда Самара-Ташкент багыты боюнча каттамдагы Икарус үлгүсүндөгү автобус күйүп кетип, 52 адам көз жумган. Анын ичинде 55 жүргүнчү жана 2 айдоочу болгон. 5 жүргүнчү сыртка чыгып кетүүгө үлгүрүп, калганы чыга албай күйүп кетишкен. Алдын ала маалыматка караганда, автобустун ичинде каза болгондордун баары Өзбекстандын жарандары экени айтылууда.