Эртең, 20-январда Бишкек шаарында жиу-житсу боюнча Өлкө чемпиондугу старт алат. Бул тууралуу SUPER.КG порталына аталган спорт түрүнүн федерациясынан билдиришти.
"Мелдеш өспүрүмдөр, жаштар жана улуулар арасында өткөрүлөт. Өспүрүмдөр жана жаштар 20-январда күч сынашса, улуулар 21-январда таймашмакчы.
Жалпы эсепте мелдеште 23 медалдар топтому ойнотулуп, жеңүүчүлөрдүн арасынан Кыргыз курама командасы түзүлөт. Улуулар арасындагы мелдештин жеңүүчүлөрү Индонезияда өтө турган Жайкы Азия оюндарына катышууга мүмкүнчүлүк алат", - дешти мекемеден.