Кыргыз шахматчысы Семетей Төлөгөн Тегин Орусиядагы мелдеште алтын медаль жеңип алды

Кыргыз шахматчысы Семетей Төлөгөн Тегин Орусияда өткөн мелдеште алтын медаль тагынды.

Кыргыз Республикасынын шахмат федерациясы SUPER.KG порталына кабарлагандай, Семетей Төлөгөн Тегин 9-17-январь аралыгында Орусиянын Челябинск шаарында орун алган "Лозоват Мемориалы-2018" мелдешинде жеңүүчү аталды.

Мелдешке Кыргыз өлкөсүнөн, Орусиядан, Чехиядан, Казакстандан жана Украинадан 10 шахматчы катышкан. 9 турдун жыйынтыгында Кыргыз шахматчысы 7 жолу атаандашын жеңип, 1 жолу атаандашы менен тең эсепте жыйынтыктап жана 1 беттеште жеңилүү ызасын тарткан. Муну менен Семетей Төлөгөн Тегин 7,5 упай топтоп алтын медаль жеңип алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Okna
2018-01-19 16:03:01
Азамат Кыргызым!!!
+2
i1urp
2018-01-19 18:22:03
Эн жакшы. Ушундай Кыргызстандын азаматтары кобосун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан