Кыргыз жеңил атлетчилери Казакстанда өткөн мелдеште 4 медаль жеңип алышты

Кыргыз Республикасынын жөө күлүктөрү Казакстанда өткөн жеңил атлетика боюнча мелдеште 4 медаль жеңип алышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жеңил атлетика федерациясынан билдирди.

Маалыматка караганда, Кыргыз спортчулар 15-17-январь аралыгында өткөн Казакстандын ачык чемпиондугуна катышкан. Мелдештин жыйынтыгында Кыргыз спортчулар 2 алтын жана 2 күмүш медаль жеңип алышты.

Мусулман Жоламанов 1500 метр аралыктагы жарышта 3 мүнөт 57,59 секунд жыйынтыгын көрсөтүп 1-болуп келип алтын медаль багындырды.

Анна Буланова алыстыкка секирүү боюнча мелдеште 5,87 метр жыйынтыгы менен 1-орунда жайгашып алтын медаль тагынды. Ошондой эле Анна Буланова 60 метр аралыктагы жарышта 3-орунду ээлеп, коло медаль тагынды.

Жамалдин Мусаев 60 метр аралыктагы мелдеште 7,08 жыйынтыгы менен 3-орунда жайгашты, муну менен коло медаль тагынды.

Эртең, 20-январда Кыргыз жеңил атлеттер Казакстанда өтө турган олимпиада чемпиону Ольга Рыпакованын байгесине арналган мелдешке катышат.

Кыргыз курама командасы:

Анна Буланова - спорт чебери;

Валерий Пономарев - спорт чебери;

Али Магомедгажиев - спорт чебери;

Кирилл Сарасов - спорт чеберине талапкер;

Данияр Арыпбеков - спорт чеберине талапкер;

Мусулман Жоламанов - спорт чеберине талапкер;

Жамалдин Мусаев - спорт чебери;

Башкы машыктыруучу: Сатыбек Чокаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Baatirbek81
2018-01-19 14:15:14
Азаматсыңар!!!
+1
nurka_85
2018-01-19 14:28:38
Ийгилик!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан