Бишкекте өткөн грек-рим күрөшү боюнча мелдештин 1-күнкү жеңүүчүлөрү аныкталды

Борбор шаардагы Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпиону Раатбек Санатбаевдин жаркын элесине арналган эл аралык мелдеш кечээ, 5-июнда өттү. Анда 55 килограммдан 120 килограмм салмакка чейинки Кыргызстан менен Казакстандын грек-рим күрөшчүлөрү беттешти. Айта кетсек, иш-чара Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттиги менен КРнын Күрөш федерациясы тарабынан уюштурулууда. Ал эми төмөнкүлөр мелдештин биринчи күнкү жеңүүчүлөрү аталды:

55 килограмм салмакка чейинкилер арасында 

1-орун - Эльдияр Бегалиев 

2-орун - Рустам Теишов 

3-орун - Мирхат Максатов жана Өскөнбай Абдупаттаев

66 килограмм салмакка чейинкилер арасында

1-орун - Жакшылык Эмилбеков  

2-орун - Чынтемир Жандыралы уулу  

3-орун - Роман Царев менен Кубат Канымет уулу 

84 килограмм салмакка чейинкилер арасында

1-орун - Жанарбек Кенжеев 

2-орун - Бекзат Малаканов 

3-орун - Бехтияр Көбөнов жана Дидар Керимбаев (Казакстан) 

120 килограмм салмакка чейинкилер арасында

1-орун - Мурат Рамонов 

2-орун - Аскер Эфендиев 

3-орун - Бексултан Махмудов жана Азамат Коңурбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан