UFC уюмунун мушкерлери Хабиб Нурмагомедов менен Тони Фергисондун беттеши 7-апрелде АКШнын Нью-Йорк шаарында өтөт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка караганда, Конор Макрегор чемпиондук курдан ажыраган соң Хабиб Нурмагомедов менен Тони Фергисон чемпиондукка талапкер болууда. Эки мушкердин таймашы "UFC 223" мелдешинин алкагындагы башкы беттеш катары саналмакчы.
Эске салсак, эки спортчу буга чейин 2 жолу кез келмек. Алгачкы беттеш 2015-жылы орун алмак, бирок Хабиб Нурмагомедов жаракат алып беттеш болбой калган. Ал эми 2017-жылы беттешке бир нече саат калганда Хабиб Нурмагомедов ооруканага жатып калып, беттеш токтотулган.
Айта кетсек, орусиялык Хабиб Нурмагомедов эрежесиз уруш боюнча жалпы 25 беттеш өткөрүп бардыгында жеңишке жеткен. Ал UFC уюмунун алкагында 9 беттеш өткөргөн.
Америкалык Тони Фергисон эрежесиз уруш боюнча жалпы 26 беттеш өткөргөн анын 23 беттешинде жеңишке жетсе, 3 беттеште жеңилүү ызасын тарткан. UFC уюмунун алкагында 13 беттеш өткөрүп, 12 беттеште жеңүүчү аталган.