Ким Кардашьян жана музыкант Канье Уэст кызына белгилүү шаардын атынан ысым коюшту

Ким Кардашьян жана музыкант Канье Уэст кызына белгилүү шаардын атынан ысым беришти. Бул тууралуу маалыматты Кардашьян өзүнүн интернеттеги баракчасына жарыялаган.

Белгилүү модель жеке баракчасына "Чикаго Уэст" деген эки гана сөз жазып койгон. Интернет колдонуучулардын көпчүлүгү жаңы төрөлгөн наристеге мындай ат берилгендигине таң калышкан.

Арасында "Жол көрсөтүүчү боло тургандай ат экен", "Эң мыкты ысым, бактылуу болсун", - деген билдирүүлөрдү калтырышкан. Түгөйлөр буга чейин Норт аттуу кызын жана Сейнт аттуу уулун тарбиялап келишкен.

Эскерте кетсек, Голливуддун жылдыздуу түгөйлөрү Канье Уэст менен Ким Кардашьян үчүнчү ирет ата-эне статусуна 15-январда ээ болушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан