Бүгүн, 20-январда футзал боюнча Кыргыз курама командасы менен орусиялык "Спартак" кичи футболдук клубу жолдоштук беттеш өткөрөт. Анда командалар Европанын системи боюнча 25 мүнөттөн турган 2 тайм ойношот.
Кыргыз курама командасынын башкы машыктыруучусу Амиржан Муканов "Спартак" менен боло турган беттеш курама үчүн маанилүү жана оюнчулар беттешке даяр экенин айтты.
"Азия чемпиондугуна даярдык катары москвалык клуб менен боло турган беттеш биз үчүн абдан маанилүү. Бул беттеш Кыргыз Республикасында футзалдын өнүгүшүнө жол ачат. Биздин курама жана өлкөбүз үчүн бул чоң жетишкендик. Анткени бул беттеш аркылуу футзалдын күйөрмандары жана сүйүүчүлөрү көбөйөт", - дейт Муканов.
"Спартак" командасынын башкы машыктыруучусу Андрей Цуканов беттешти чыдамсыздык менен күтүп, командасы мыкты даярдыкта экенин айтты.
"Алгач чакыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясына ыраазычылык билдиргим келет. Атаандашыбыз тууралуу айта кетсем алар мыкты, жакшы ойнойт. Кыргыз курамасы Азия чемпиондугуна даярданып жатканын билем, алар машыгуу жыйындарын өткөргөн. Муну менен беттеш кызык болот деп ойлойм. Оюн талаасы тууралуу айтсам, биз паркетте ойноп көнүп калганбыз, бизге биртке ыңгайсыз болушу мүмкүн. Бирок биз ойногону келдик, эми ойнойбуз", - деди Андрей Цуканов.
Айта кетсек, орусиялык клуб менен боло турган жолдоштук беттеш Кыргыз курамасы үчүн Азия чемпиондугуна даярдык катары орун алууда. Азия чемпиондугу Тайбэйде 1-11-февраль аралыгында өтөт.