Муз үстүндө бийлөө боюнча Европа чемпиондугунда орусиялык спортчулар жалаң алдыңкы орундарды ээлешти. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматта жазылгандай, орусиялык Евгения Тарасова жана Владимир Морозов кыска жана эркин программаларда өнөрлөрүн тартуулап биринчи орунду ээлешкен. Ал эми экинчи орунга Ксения Столбова жана Фёдор Климов татыса, үчүнчү орунду Наталья Забияко менен Александр Энберт камсыз кылышкан. Жыйынтыгында үч байгелүү орунду тең орусиялык спортчулар ээлеген.
Мындай ийгиликке орусиялык спортчулар 2015-жылы дагы жетишкен.