"Ювентус" футболдук клубунун 19 жаштагы оюнчусу карьерасын жыйынтыктады. Бул тууралуу маалыматты ал өзүнүн социалдык түйүндөгү баракчасына жарыялады.
Маалыматта жазылгандай, Андреа Меланинин карьерасын жыйынтыктаганга анын жүрөк оорусу себеп болгонун жарыялады.
"2017-жылдын 17-июль күнүн мен эч качан унутпайм. Дал ушул күнү дарыгерлер менин жүрөгүм ооруй турганын билдиришкен. Ошондон тартып мен көп оюндарга катыша алган жокмун. Мындан ары футбол ойной албайм. Бирок жакшы да жаңылыктар бар, бул оору менин өмүрүмө эч кандай коркунуч туудурбайт", - деп жазган Мелани.
Маалыматка ылайык, "Ювентус" футболдук клубу өзүнүн тарбиялануучусунун дарылануусуна кеткен чыгымдарды өз моюнуна алган. Бирок көптөгөн аракеттерге карабастан ал өз карьерасын уланта алган жок.