Түркияда автобус жол кырсыгына кабылып, 11 адам көз жумду

Бүгүн, 20-январда Түркияда автобус жол кырсыгына кабылып 11 адам көз жумду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматта жазылгандай, Түркиянын Эскишехир аймагында студенттерди ташып бара жаткан автобус жол кырсыгына кабылып 11 адам көз жумуп, 44 адам ар кандай жаракаттарды алган.

"Студенттерди Анкарадан Бурсага экскурсияга алып бара жаткан автобус белгисиз себептерден улам жол жээгинде өсүп жаткан бактарды сүзгөн. Кырсыктан жабыр тарткан адамдар дароо ооруканага жеткирилген. Автобустун айдоочулары камакка алынып, азыркы тапта иликтөө иштери жүрүп жатат", - деп билдирди аймактын губернатору Оздемир Чакаджак.

Чакаджак билдиргендей, автобустун ичинде Улудагда жайгашкан лыжа тебүүчү базага бара жаткан мектеп окуучуларынын тобу болгон. Ошондой эле ал окуучулардын кээ бирлерин ата-энеси коштоп баратканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Nsh
2018-01-20 16:47:20
Ото окунучтуу кабар жакындарына сабр тилейм
+6
vavilon.
2018-01-20 18:14:12
Быйыл жалан эле автобус кырсыктары менен башталдыго э?
-1
aslan_akjol89
2018-01-20 18:14:46
Оо Аллах,боодо кырсыктан сактай кор баарыбызды!Килейген самолетто эч ким каза болбосо суйундук эле,минтип туз эле жерден кете беришти.Жараткан куноолорун кечирсе экен.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан