Бишкек шаарындагы "Арча-Бешик" ден соолукту чыңдоо комплексинде футзал боюнча Кыргыз курама командасы менен орусиялык "Спартак" кичи футболдук клубунун жолдоштук беттешинин башталышына саналуу мүнөттөр калды.
Эске салсак, орусиялык клуб менен боло турган жолдоштук беттеш Кыргыз курамасы үчүн Азия чемпиондугуна даярдык катары орун алууда. Азия чемпиондугу Тайбэйде 1-11-февраль аралыгында өтөт.
19:10. Командалар оюн алдындагы машыгууга чыгышты. Кыргыз курама командасы бүгүн ак түстөгү формачан ойносо, "Спартак" командасы кызыл түстөгү футболкачан ойнойт.
19:32. "Арча-Бешик" ден соолукту чыңдоо комплекси футзал күйөрмандарына толду. Бардыгы беттеш башталарын күтүп жатышат. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 20:00дө старт алат.
19:38. Бүгүнкү беттеште өлкөгө мыкты калыс катары белгилүү Нурдин Букуев калыстык кылары жарыяланды.
19:45 Кыргыз Республикасынын Черлидинг федерациясынын бийчилери футзалдын күйөрмандарынын көңүлүн ачып, өзүнүн бийин тартуулады.
19:50. Командалар даяр болуп, оюнчулар бирден талаанын үстүнө чыгууда.
20:00. Калыстын ышкырыгы жаңырып беттеш башталды.
20:02. Эсеп саны ачылды, Кыргыз курама командасы чабуулга чыгып, Юлдашбай Салимбаевдин соккусу менен эсепти 1:0 кылды.
20:03. "Спартак" чабуул жасоого аракет көрүүдө, бирок Кыргыз футзалчылар мыкты коргонуп, атаандашына сокку жасоого жол берген жок.
20:04. Орусиялык команда басым жасап, Кыргыз спортчуларын өз бөлүгүнө жакындатпай жатат.
20:06. "Спартак" командасынын оюнчуларына Кыргыз курамынын оюнчуларынан топту оңой эле алып коюусуна бойлорунун узундугу шарт түзүүдө. Москвалык команда өз бөлүгүндө 2 коргоочу калтырып чабуулга 2 оюнчу менен чыгып жатат.
20:07. Кыргыз спортчулар чабуулга чыгып, гол киргизгенге аракет кылууда. Бирок таамай болбой, чабуул токтоп калууда. Спартак чабуулда. Анатолий Бадретдиновдун соккусун Кыргыз командасынын дарбазачысы Кирилл Ермолов тосуп калды.
20:09. Эки команда тең гол киргизгенге аракет жасап, бирок жыйынтыктоочу сокку жасай албай жатышат.
20:10. Спартактын чабуулун Кыргыз футзалчылар мыкты коргоо менен тосуп алууда. Көрүүчүлөрдүн арасында Кыргыз командасынын гана эмес, "Спартак" командасынын күйөрмандары да бар. Алар катуу кыйкырык менен өз командасын колдоп жатышат.
20:13. "Спартактын" коргоочулары Кыргыз футболчусун кулатып, оюн эрежесин бузду. Орусиялык Сергей Абрамов сары айып кагазы менен белгиленди. Орусиялык футзалчылар кайрадан Кыргыз оюнчусун кулатып эреже бузду. Бул ирет Максим Конов сары айып кагазы менен белгиленди. Орусиялык команда контр-чабуулдан кооптуу абал жарата албай койду. Кыргыз коргоочулар мыкты оюн көргөзүүдө.
20:16. "Спартактын" оюнчусу Роман Адамов сокку узатууга мүмкүнчүлүк алды. Бирок таамай болбой дарбазанын штангасына тийди. Спартактын оюнчусу Анатолий Бадретдинов коргоочуларды алдап таамай сокку менен эсепти 1:1 кылды.
20:19. Кыргыз курама командасы чабуулда, анда Адилет Култаевдин соккусун "Спартактын" дарбазачысы Алексей Формин тосконго жетишип калды. Мирлан Жолдубаевдин соккусу таамай болбой дарбазанын жанынан өтүп кетти. "Спартактын" чабуулчусу Роман Аносов таамай сокку менен эсепти 1:2 кылды. Кирилл Ермолов топту тосконго жетишпей калды.
20:25. Калыстын ышкырыгы жаңырып 1-тайм аяктады.
21:00. Командалар тыныгуудан кийин 2-таймды баштоого чыгууда. Калыстын ышкырыгы жаңырып, 2-тайм старт алды. Топту оюнга орусиялык команда кошту. Кыргыз курамасы чабуулга чыгып, бир нече жолу узаткан соккусу орусиялык футзалчыларга тийип, оюн талаасынан чыгып кетти.
21:04. Кыргыз курамасы айып сокку тепкенге мүмкүнчүлүк алды. Кыргыз футзалчынын соккусу таамай болгон жок. Орусиялык команда коргонууда жакшы оюн көрсөтүп жатат, Кыргыз командасы сокку жасоого айла таба албай калууда. Орусиялык команданын алыстан узатылган чыгарып берүүсү таамай болбой, топ оюн талаасынан чыгып кетти.
21:09. "Спартак" командасы чабуулга чыгып, гол жаратууга аракет кылууда. Орусиялык оюнчуну Кыргыз спортчу токтотту, бирок оюн эрежеси бузулуп Орусия оюнчулары айып сокку тебүүгө мүмкүнчүлүк алды. "Спартак" чабуулдарды күчөтүүдө, 1 мүнөттүн ичинде бир нече жолу сокку жасаганы менен, таамай болгон жок. Кыргыз оюнчусу Юлдашбай Салимбаев атаандашынын дарбазачысы менен бетме-бет чыгып аны алдап өтө албай калды.
21:18. Кыргыз футболчусу Дастан Рысбековдун соккусу дарбазанын штангасына тийип, оюн талаасынан чыгып кетти.
21:21. Орусиялык Роман Аносов эсепти 1:4 кылды. Анда Кыргыз дарбазачысы Кирилл Ермолов топту колуна кармай албай калып Аносовго кайра тебүүгө мүмкүнчүлүк берип койду. Андан кийин Кыргыз курама командасынын оюнчусу Улан Байгазы уулу алыстан сокку узатып дарбазанын штангасына тийип калды. Кыргыз футболчусу Максат Алимов атаандашынын чабуулун колу менен токтоткону үчүн сары айып кагазы менен белгиленди. Кыргыз курамасы талаадагы өзүнүн бөлүгүнөн чыга албай топту жоготуп алууда.
21:28. Бул оюнда дарбазанын штангасы Кыргыз футзал курама үчүн ойноп жатат. Роман Аносовдун соккусу кайрадан таамай болбой калды. Улан Байгазы уулу контр-чабуулга чыгып, дарбазачы менен бетме-бет чыга алды. Байгазы уулу аны алдаганы менен сокку жасоого ылайыктуу мүмкүнчүлүккө ээ боло албай калды.
21:32. Беттеш аяктаганга чейин 5 мүнөт калды. Кыргыз курама командасынын машыктыруучусу Амиржан Муканов тайм аут алып, Кыргыз футзалчыларга өзүнүн наасатын берүүдө.
21:35. Москвалык "Спартак" кайрадан топту тартып алып, чабуулга чыгууда. Кыргыз оюнчусу Юлдашбай Салимбаев алыстан сокку узатты. Сокку атаандашынын дарбазасына түз барганы менен, аны дарбазачы тосуп алууга үлгүрдү. Максат Алимов дарбазачы менен бетме-бет чыгууга үлгүрдү. Бирок кайрадан узатылган сокку таамай болбой, топ оюн талаасынан чыгып кетти. Командалар тайм-аутка чыгууда. Бул ирет аны Андрей Цуканов алды. Алимов менен Салимбаев бири-бирине пас узатып атаандаштарын алдап өттү. Бирок атаандашынын дарбазасына жеткен соң Салимбаев топту алдырып жиберди.
21:45. "Спартак" оюнчусунун алыстан узатылган соккусу ачык дарбазага кирип, эсеп 1:5 болду. Калыстын ышкырыгы жаңырып, беттеш аяктады.